Бүгүн, 13-июнда Кыргыз билим берүү академиясында өтүп жаткан тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Билим берүү министри Канат Садыков: “Кыргызстанда мектеп окуучуларына китеп басуу маселеси курч болууда. Аны терең изилдеш керек”,- деп билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда китеп басууда коррупция күчөп кеткен. “Коррупциялык механизмдер автордук, ижарага берүү негиздеринде болууда”,- деп түшүндүрдү ал.
Мындан тышкары ал бул маселени чечүү үчүн комиссия тиешелүү иштерди жүргүзөрүн баса белгиледи.