Бүгүн, 13-июнда Кыргыз билим берүү академиясында өтүп жаткан тегерек столдун жүрүшүндө аталган окуу жайдын лабораториясынын башчысы Сабыр Иптаров: “Чет өлкөлөрдө мектеп окуучулары электрондук китептерди колдонуп жүрүшөт. Кыргызстанда да ушундай кылуу керек”,- деди.
Анын айтымында, Кыргызстанда информатика сабагы 7-класстан башталгандыктан, окуучулар жаңы технологиялардан бир топ артта калууда. “Республикабызда мектеп мугалимдерин даярдаган жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү өз кесиби менен иштегиси келбей жаткандыгын байкап жатабыз. Келечекте биз чыгарган китептер менен окуучуларды ким окутат?”- деп сурады ал.
“Кыргызстанда электрондук китептер - келечектин маселеси. Мындан тышкары өлкөнүн аймактарындагы мектептерди заманбап жабдуулар менен камсыздоого бюджетте акча каралган эмес. Албетте, мугалимдерди даярдоо маселесине көңүл бурабыз”,- деп жооп берди КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева.