27-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Ооба, ооба, ооба, бул Кавказ” аттуу кавказ элинин ыр-бий кечеси өтөт. Бул концертте жаш аткаруучу Шамхан Далдаев жана “Къууанч” болгар бий ансамбли өз өнөрлөрүн тартуулашат.
"Шамхан Далдаев күйөрмандарынын жүрөгүн Кавказдын ысык күнүндөй жылытат. Анын сахнадагы өзгөчө образы - андагы натуранын бир бөлүгү. Ал эми сахнанын сыртында ал ишенчээк, боорукер, романтик жигит. Мына ушул сапаттардын түйүнү Шамханды популярдуу ырчы кылып жатат. Анын ырларын Чеченстан гана сүйүп укпастан, Түндүк Кавказ, Орусия, Казакстанда да концерт коюп келет”,- деп билдиришет уюштуруучулар.
Мындан тышкары концертте көрүүчүлөргө кадимки кавказ ыр-бийлеринен түзүлгөн майрам тартууланат. "Мындай концерттер көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулап, ар улуттагы элдердин ынтымагын бекемдейт",- дешет алар.