Өлкө аймагында садага-битирдин өлчөмү бекитилди

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши мусулмандар үчүн садага-битирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун тартибин бекитти. Ага ылайык, садага-битир жан башына 1 кг 600 грамм буудай, ун, мейиз же 3 кг 200 грамм арпа, курма же анын акчалай наркы өлчөмүндө берилет. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда муфтияттын басма сөз катчысы Асан Саипов билдирди. 

Маалыматка ылайык, ар бир казыяттардын берген маалыматтарына таянып, 1 килограмм 600 грамм буудай 20 сом, 1 килограмм 600 грамм мейиз 200 сом, 1 килограмм 600 грамм ун 30 сом, 3 килограмм 200 грамм арпа 14 сом, 3 килограмм 200 грамм курма 150 сом деп орточо бааланды. Баалардын туруксуздугуна байланыштуу садага-битирди берген учурда 1 килограмм 600 грамм буудай, ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм арпа, курманын баасына көңүл бурулууга тийиш.  

“Садага-битир берүүчү бул көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса, өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөк болуусу абзел”,- деп белгилейт басма сөз кызматтан.

Жыйылган садага-битирдин 50 пайызы жергиликтүү мечитке калтырылып, шарият белгилеген тартипте чыгымдалат. Ал эми 10 пайызы райондук деңгээлдеги башкы имамдарга (хатибиятта) калтырылат. Бишкек жана Ош шаардык мечиттерден садага-битирдин 40 пайызы, ал эми облустук мечиттерден 30 пайызы 2014-жылдын 5-сентябрына чейин муфтиятка өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Ал акча диний окуу жайлардын муктаждыгына жумшалмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
samar82
2014-06-16 09:12:31
Жанылыкко баарына бирдей эле 20 сом деп эле айтылчу элего?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан