Кыргызстандагы мода театрынын балдары Казакстанда өткөн эл аралык сынакта баш байгеге ээ болушту

Бишкектеги “Кыргызстан балдары” мектебиндеги чыгармачыл борбордун “Iv Fashion” мода театрынын балдары 5-8-июнь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык сынакта баш байгеге ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына аталган театрдын жетекчиси, сүрөтчү-модельер Иван Корнилов билдирди.

Анын айтымында, сынактын катышуучулары ар кандай номинацияларда, музыкалык аспапта ойноо, ырдоо, бийлөө жана башкалар боюнча өз чеберчиликтерин көрсөтүштү. Калыстар тобу Астананын белгилүү бий үйрөтүүчүлөрүнөн турду.  

Мындан тышкары И.Корнилов буга чейин анын мода театры эл аралык сынактарда бир топ ийгиликтерге жеткенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sizge.kat
2014-06-13 17:41:37
Оркундой бер осо бер
+3
Aipri
2014-06-13 18:59:16
Азаматтар!!!
+1
92nuraaly
2014-06-14 03:14:10
Ийгилик силерге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан