Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду май айында 145,2 миллион сомго каржыланды. Ал эми эмгекчилердин ден соолугун чыңдоого 19,6 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда аталган фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, май айындагы Мамлекеттик пенсиялык фондго топтолгон каражаттын суммасы 36,5 миллион сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун карамагында 4 миллион 976 миң адам бар же жалпы калктын 95 пайызын түзөт.
Ошондой эле май айында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна дагы 4974 адам катталганы маалым болду.