Нарын шаарында өткөн бош орундар жарманкесинде шаар
боюнча 161 бош жумуш орундары сунушталган. Бул тууралуу бүгүн,
13-июнда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан
билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан 35, Орусиядан
1720 орун, Бириккен Араб Эмираттарынан 450 ваканттык
орун жарманкеге коюлган. Ал эми 16 жумуш ордуна 184 жумушсуз талапкер келген. Алардын ичинен 27 жаранга жумушка
жолдомолор берилген.