Ырчы Гүлзада Рыскулова “Толгонуу” аттуу арт-шоу концертин берди (фоторепортаж)

Бүгүн, 13-июнда Бишкектеги "Ала-Тоо" амфитеатрында этнорок жанрында ырдаган ырчы Гүлзада Рыскулова “Толгонуу” аттуу арт-шоу тартуулады. Саат 19:30га белгиленген концерт 20:20да көшөгөсүн ачты. Гүлзаданын күйөрмандары амфитеатрдын 60 пайызын гана ээледи.

2 саатка созулган концерт театрлаштырылган шоунун коштоосунда өткөрүлүп, бир нече музыкалык жанрлардагы ырлар Гүлзада Рыскулованын гана аткаруусунда жаңырып жатты. Бир образдан экинчи образга бат-баттан кубулган ырчы айым эстрада айдыңында жаңыдан популярдуу болуп келе жаткан ырлары менен күйөрмандарын жагымдуу маанайга бөлөдү. Арт-шоудогу ар бир нота, ар бир үн жандуу аткарылып, чыныгы гонг, этникалык жана заманбап музыкалык аспаптар менен коштолду. Бул концертке гитарист Денис Колючийдин рок тобу, “Ордо-сахна” фольклордук-этникалык театры, “Аура” жаз тобу жана Жалал-Абаддан ат арытып келишкен "Апалар" тобу катышып, ырчы менен бирге өнөрлөрүн тартуулашты.

Кызынын биринчи жеке концертине күбө болуп, маңдайы жарыла кубанып турган ырчынын атасы

Жетимиш Рыскулов сезимдери менен бөлүшүп өттү:Мындан өткөн бактылуу күн, мындан өткөн сыймык жок болсо керек. Элдердин патриоттук духун көтөрүп мыкты концерт берди. Мен ушунчалык толкунданып, сүйүнүп турам. Кызымдын ушундай таланты бар экенине жакшы түшүнбөй жүрүптүрмүн. Бүгүн гана түшүнүп отурам. Буга чейин чыгармачылык тууралуу башка көз карашта болчумун. Эми кызыма мындан ары каалаганча иштеп, өнөрүңдү өркүндөтө бер дейт элем. Жүрөгү элим, жерим деп соккон чыгаан кыздардан болсун”.

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Анаш Кадырова: “Гүлзада бүгүн элди чогултуп талантын көрсөттү. Адамдарды, айрыкча жаштарды ууландырып келе жаткан батыштык элементтен чыгып, бул концертте кыргыздын нукуралуулугуна кайттык. Гүлзаданын бүгүнкү өзгөчөлүгү, жалгыз өзү 2 саат бою жандуу үн менен ырларды мыкты аткарды. Образдары укмуш, ар бир ырдын сөзүнүн элементине жараша кыймыл-аракет жасады. Элдер жеке концерт деп коюп ашар концерт берет эмеспи. Бул болсо чыныгы жеке концерт болду. Мен ойлойм, Гүлзада бийик диапазону менен дүйнөнү дүңгүрөтчү кыздардын бири”,- дейт.

Гүлзада Рыскулова, ырчы: “Бул менин биринчи жеке концертим болгондуктан, абдан толкундандым. Баары жакшы болду деп ойлойм. Анткени концертке болгон дитимди жумшадым. Бүгүнкү күндө этно агымы тренд болуп, чет элдиктерди кызыктырууда. Ар бир улуттун музыкасы башкалар үчүн кызыктуу. Ал эми биздин өлкөдө 1-2 жылдын аралыгында жаңы агымдын аралашканы популярдуу болуп келе жатат. Бул менин көптөгөн чет өлкөлүк фестивалдардан алган тажрыйбам”,- деген оюн билдирди.

Нурипа Шабданалиева, көрүүчү: Мен Гүлзаданын концертин көрүү үчүн атайын Кеминден келдим. Кыздын үнү оригиналдуу, үйүлөбүз менен жактырабыз. Мындайча айтканда, кыргыздын Уитни Хьюстону. Концерттен эргүү алдым. Өнөрү ташкындай берсин”.

Гүлзада Рыскулованын “Толгонуу” аттуу арт-шоу концерти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
admin_superstan
2014-06-14 09:50:46
RIO., жеке билдирүү үчүн купуяны колдонуңуз!
0
Azem2013
2014-06-14 10:04:42
Азыркы ырчыларга салыштырмалуу эн таланттуу ырчы! Уну сонун уга эле бергин келет. Мына концерт деп ушуну айткыла! Обу жоктонуп эки ыр менен ашар концерт кое бербей! Азаматсын ийгилик!
+4
Asan-aka
2014-06-14 10:26:39
Жакшы ырдайтко кее бироолорго караганда эптеп эле А Бны кошуп алып кыншылай бербей
+3
g.jumabekova
2014-06-14 10:36:15
Ийгилик каалайм эжеге. Уну ото кучтуу. Концерт деп ушуну айт. Жандуу ун. Ашыкча ашар ырчылар жок (анжеликанын концертине окшоп).Копчулук жаш ырчы кыздар уну жок жон эле ырчы санын кобойтуп журушот фонограмма менен ырдап(санын эсептесем манжам жетпейт). Ал эми Гулзада эженин уну эч кимдикине тенелгис. Талантыныз осо берсин . Сизди эл аралык сынактан коргубуз келет.
+2
bossmos7
2014-06-14 11:16:23
Болгону бул ырчы кыска кийинип уят кылат экен.Откондо баш мыйзам жонундо ырдаганда.Юлия узун кийинип турат.Дагы Кыргыздын ырларын ырдаап алганына тан бересин! Кыргыздын ыр дуйносун таанытып жургондон кийин!Кыргыздай журуу керек!
+1
Ken86
2014-06-14 12:38:01
Эн негизгиси кыргыздын рухун духун даназалаган ырчы.накта кыргыздын кызы.мындай ырчыларды биз колдобосок ким анда? Мен ойлойм бизге оз элине болгон суйуу жана патриоттуулук жетишпей келет!
0
Kate86
2014-06-14 13:29:13
Гулзада эже алга! азаматсыз концертиниз эн жогорку даражада отуптур. Жалал Абадка да келиниз кутобуз!
0
MilliaRdova88
2014-06-14 15:05:33
Гульзада эжени жакшы тааныйм.Талантына таазим
0
ermekbaevna
2014-06-14 16:17:45
АПАЛАР ТОБУ ЭМЕС ЭЛЕ АЯЛЗАТ тобу го, менин кошуналарым турат гооо ырдашып аялзат тобунда... атак молодцыыы...
0
ermekbaevna
2014-06-14 16:20:07
гулзада эжем озунчо эле женифер го, аябай окшошуп калыптыр чачын жазса...
0
Erhan
2014-06-14 17:36:44
Гульзаданын концертин,толугу менен киргизип коюнуздарды суранабыз.Чыныгы кыргыз стилинде ырдаганы жагат бизге.
0
Lumia-800
2014-06-14 21:08:50
Ушундай дегенда ырчыбыз барбеле?
-3
upol92
2014-06-15 01:05:55
Элдин баары кайгылуу отурушатко. Жакшы болбогон оклойт.
Бирок Анжеликанын концертиндей АШАР эмес экен.
+1
upol92
2014-06-15 01:05:55
Элдин баары кайгылуу отурушатко. Жакшы болбогон оклойт.
Бирок Анжеликанын концертиндей АШАР эмес экен.
0
alirun
2014-06-17 09:22:57
Азамат, ийгилик каалайм. Абдан сонун болду, мага жакты. Жандуу ундон чындап эргуу алса болот. Талантын ташкындай берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан