Союз маалындагы белгилүү футболчу Зарлык Султанов бүгүнкү күндө селсаяктай абалда күн кечирүүдө

Бүгүн, 13-июнда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов кыйын абалда жашоо кечирип жаткан СССР спортунун чебери, атактуу футболчу Зарлык Султановдун абалы менен таанышып кайтты. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда 71 жаштагы З.Султанов агенттиктин директоруна маселесин айтып берди. “Буттарымдын оорусунан улам жарым жылдан ашык убакыттан бери өз алдымча баса албай келем. Акча каражатынын жетишсиздигине байланыштуу үйдө оңдоп-түзөө иштери да жүргүзүлө элек. Жакындарым жок, жапжалгыз күн кечирип жатам”,- деди ал.

Өз кезегинде К.Эргешов эртеңки күндөн тарта үйдүн тегереги тазаланып, үйдө оңдоп-түзөө иштери башталарын билдирди. Андан тышкары аталган агенттик башка министрликтер, мекемелер жана Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте изилдөө иштерин жүргүзүп, дарылоо, турмуш-тиричилигине керектүү эмеректер менен камсыздоону колго алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
uluk_myrza1994
2014-06-13 20:04:33
Азаматсыз, жардам берип карап койунуздар турмушу кыйын экен алла ыраазы болсун! сизге окшогон атка минерлер кобойо берсин
+11
jetta-907
2014-06-13 21:58:52
урматтуу кадырбек эргешович алла ыраазы болсун
+3
Murok
2014-06-14 00:42:31
Журок жылы тат ушундай кабарлар.
+2
Dadasdasd
2014-06-14 05:40:04
Аллах разы болсун
+2
maksnarin
2014-06-14 10:24:39
аттин...кулук кунундо,тулпар тушунда деген ушул да,чиновникке рахмат,сиздейлер кобойсун!
+1
g.jumabekova
2014-06-14 10:52:34
Каралашканга бала чакасы жок бекен байкуш чалдын
0
apyshova-94
2014-06-14 11:15:19
Абдан окунучтуу.
+1
joldoshmk
2014-06-14 11:21:31
чиновниктер мурун кайда журушту эле...
+2
Suke93
2014-06-14 13:29:04
Бул жакшылыгынарды Аллахым озу колдосун,жолугурын жолугуп,убадасын берип койупсунар,жашыда бир кыйлага барып калыптыр эми иш жузундо да корсотуп койгула анан дагы кудай жалгап бир сыйлыктын ээси кылып койсонор атакебиз карыганда кылган эмгегина ыраазы болуп отсун.Бир жагынан сооп иш болот эле.
+2
meerimka86
2014-06-14 23:09:14
Айтылган убада аткарылгандан кийин да бир кабар алып, элге жеткирип койсонуздар, Супер Инфо.Рахмат!
+2
Beise
2014-06-14 23:57:31
Аллах озу колдосун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан