"Сулуулардын сулуусу-2014" сынагында 18 жаштагы Ольга Маскаленко жеңүүчү деп табылды (фоторепортаж)

14-июнда Бишкектеги Спорт Ордосунда "Сулуулардын сулуусу-2014" сынагы болуп өттү. Анда 15-24 жашка чейинки 23 кыз ат салышты. Катышуучулар өзүн тааныштыруу, интеллектуалдык деңгээлин көрсөтүү, командалык бийлөө, кече көйнөгү менен чыгуу боюнча тапшырмаларды аткарышты.

Ошондой эле сынактын жүрүшүндө ырчылар Амир Аскаров, Жоодарбешим, Дайыр Исмадияров, “Кеӊеш” тобу көрүүчүлөргө ыр сунушту.

Катышуучулардын талантын дизайнер Замира Молдошева, “Супер-Инфо” гезитинин шеф-редактору Нуркыз Курманбекова, ырчы Дайыр Исмадияров жана башкалардан турган 13 инсан баалады.

Сынактын жыйынтыгында 18 жаштагы Ольга Маскаленко жеңүүчү деп табылып, ага "Сулуулардын сулуусу-2014" наамы ыйгарылды. Ошондой эле Анталияга эс алып келүүгө 2 кишилик жолдомо тапшырылды.

Ал эми төмөнкүлөр кийинки орундарды багындырышты:

“1-вице сулуулардын сулуусу-2014" – Барчын Казакбаева, “2-вице сулуулардын сулуусу-2014" – Фериде Алымбаева.

Сынакты уюштурган “Супер сулуу-2013” сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева:

“Супер сулуу - 2013” наамын жеңип алгандан бери мени ийгиликтер коштоп келүүдө. Алардын бири деп бүгүнкү менин тушоо кесүү сынагымды айтсам болот. Сынактын максаты - кыздардын ичинен татыктуусун тандап алып, мода чөйрөсүндө иштегенге көмөк көрсөтүү. Көптөгөн сынактардан алган тажрыйбам мага сынакты уюштурууга жардам берди. Кыздарды бир жарым ай бою дефиле, визаж, өзүн алып жүрүү этикаларына үйрөтүп, даярдап чыктык. Алардын арасында сахнага биринчи жолу чыккандар жана профессионалдар бар. Мени сынак бүткүчө токундоо сезими курчап турду. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен татыктуу кыз жеңди деп ойлойм”,- деп сезимдери менен бөлүшүп өттү.

Замира Молдошева, дизайнер, сынактын жыйынтыгы тууралуу: “Жеңүүчүнү аныктоо аябай оор болду. Калыстар тобу менен талашып-тартышып отуруп, Ольганы жеңүүчү деп таптык. Анткени ал өзүн ишенимдүү алып жүрдү. Бардык тапшырмалады мыкты деңгээлде аткарып берди”.

Ольга Маскаленко, жеңүүчү: “Мен сынакка өзүмдү башка жаатта сынап көрөйүн деп эле катышкам. Жеңүүчү болом деп ойлогон эмесмин. Кубанычымда чек жок. Сынакты уюштурган Орункүлгө ыраазычылыгымды билдирем. Чынын айтсам, мени мода дүйнөсү кызыктырбайт. Түрдүү тамак-аш бышырганды жакшы көргөндүктөн, келечекте ушул жаатта иш алып баргым келет”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
admin_superstan
2014-06-15 15:24:32
suimon302010, tynara1983, улутуна карап бөлүүгө тыюу салынган!
10 күндөн БАН!
0
DIAFRER
2014-06-15 15:53:05
Татыктуу болгудай озгочолугу жок болчу! Акча чечти, калыстык болгон жок! Байкуш кыздар мындан коро катышпай эле койбой деп ыйлагандарын корсонор
+3
momuntay
2014-06-15 15:53:40
Сулуу болгону менен таланты жок кыздар да коп болгон окшойт да. Баарыле сулуу кыздар экен. Орункул азамат. Кунго да куйуп алыптыр го
0
Desmond
2014-06-15 17:18:00
Эмне эч кимге жакпай калган бул кыз?
0
aliaman
2014-06-15 19:07:50
ушунча кагыраган кыргыз кыздарынын ичинен бир орус кызы алып кеткени кызык экен. чын эле женишке татыктуу бекен же бул жерде да саясаттын сасык оюну бар болду бекен.
+1
aliaman
2014-06-15 19:08:47
эмнеси болсо да сыйлыгы кут болсун
0
gulperi.kg
2014-06-15 19:15:24
Сулуулука карабайт мындай сынакта.Канчалык сулуу болсон да сахнада озуну эркин сезип журушун жана талантын баалашат.
+1
Diana92kg
2014-06-15 20:01:45
gulperi.kg туура айтат. ну эми ооба, карайт сулуулугуна карайт, но мындай манерасына, озун алып жургонуно, сахнада сурдойбу же жокпу, талант, ой жугуртуусуно да карайт да. Асмандагы айдай сулуу болуп туруп, башында эч нерсе жок, талант жок, озунчо эле фифа или комплекс болсо, анда сыйлыкка таттыктуу эмес болот да
+1
Diana92kg
2014-06-15 20:03:57
и вообще нормальная, красивая эле кыз экен
+1
antiwithin14
2014-06-15 21:54:53
Орункулдун озу жагат мага,ишине ийгилик !
+1
admin_superstan
2014-06-15 23:50:30
Aipri, DIAFRER, улутуна карата бөлүүгө тыюу салынган! 7 күндөн БАН!
0
aliaman
2014-06-16 00:31:38
Супер-Инфо мунун видеосу качан жуктолот?
0
admin_portal
2014-06-16 09:53:33
aliaman, Саламатсызбы!
Бүгүн "Медиа-портал" бөлүмүнөн көрө аласыз.
0
aza.kg007
2014-06-16 03:04:28
Баракелде укмуш эле сулуу кыз экен
0
nazira1989
2014-06-16 10:43:31
Биринен отуп бири сулуу...Акылынар да озунорго окшоп сулуу болсун да...
0
Mir82
2014-06-16 20:53:26
Бул бизнессте да акча ойной баштагандай го, жакшынакай жаш кыздарды убара кылып ыйлатып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан