Алайда "Чакан жана орто бизнести Алай жана Чоң-Алай райондорунда өнүктүрүү программасы" тарабынан уюштурулган жарманке өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда райадминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 7 күндүк "Ашпозчу - официант" курсу уюштурулуп, ага райондон 20 кыз-келин катышкан. Алардын көпчүлүгү райондогу кафе-ресторандарда иштегендер. Окуунун жыйынтыгында катышуучулар бир топ заманбап тамак-аштын түрлөрүн жасоону үйрөнүшкөн.
Ага район акиминин орун басарлары Мусаев Мамашарип, Максатбек Зикиров жана жергиликтүү тургундар катышышты. Бул боюнча программанын менеджери Камбарбек Адишов: “Бул окуу кафе-ресторанда иштеген адамдар үчүн керек болгон, эми каяктан келген конок, турист жана жергиликтүүлөр болбосун, улуттук тамактардан башка да түркүн тамактарды жасап, тейлөөнүн жогорку сапатын сунуштоого үйрөтөт. Эң негизгиси, өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса, тез эле өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бар”,- дейт.
Ал эми 7 күндүк окуудан өткөн 56 жаштагы Максат Нышанова буларды айтты: “Биз Кыркоол айылында туристтерге тамак-аш даярдап, кызмат көрсөтөбүз. Мурда көп нерсеге көңүл бурбайт элек, азыр кыска мөөнөткө карабай тамак-аш даярдоодо билбеген көп сырларды үйрөндүк, келечекте өз жумушубузда колдонобуз” .