Ош мамлекеттик университетинде "Мыкты студент", "Мыкты куратор", "Мыкты жатакана" аныкталды

Ош мамлекеттик университетинде жыл сайын уюштурулуп келе жаткан тарбия иштерине түрткү берүүчү сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, 6 аталыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

“ОшМУнун деканынын мыкты тарбия иштерин жүргүзгөн орун басары” наамына Медициналык колледждин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары Кызбурак Маметова ээ болду.

“ОшМУнун мыкты Жаштар комитети” наамына медицина факультетинин Жаштар комитетинин төрагасы Максатбек Гүлжигитов, “ОшМУнун мыкты студенттик тайпасы” номинациясына кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин ЖК-1-11 тайпасы ээ болду.

"Эң мыкты студент" наамын теология факультетинин 3-курсунун студенти Азизилла уулу Иманбек утту. Ал эми “ОшМУнун мыкты куратору” наамын МИТ факультетинин ПИА-1-11 тайпасынын куратору Зыяда Мурзакматова багындырды.

"Эң мыкты жатакана" деп №4 “Б” жатаканасы табылды.

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida2013
2014-06-17 02:18:43
ошму алга!ошмуда окуган эстен кеткис кундорум ар дайым журогумдо сакталат!абдан сагынам озгочо жатаканада жашаган унутулгус кундорумду!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан