Ошто ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 10 пайызы гана иш менен камсыз болгон

Бүгүнкү күндө Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын 10 пайызы гана жумуш менен камсыз болгон. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда мэриянын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Шералы Жолонов билдирди.

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 10 пайызын жумуш менен камсыз кылдык. Ал эми жаңы курулуп жаткан үйлөрдү курууда мындай топтогу адамдар үчүн пандустарды салууга сунуштарды берип жатабыз”,- деди ал.

"Укук коргоо” борборунун координатору Барикан Караеванын айтымында, мамлекет тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн көп кабаттуу турак жайларда эч кандай шарттар түзүлүп берилген эмес.

“Союз учурунда курулган үйлөр майыптар үчүн ылайыкташтырылган эмес жана бүгүнкү күндөгү курулуп жаткан үйлөрдө пандус биринчи кабатка чейин эле курулган. Ал эми андан жогору кантип көтөрүлө алышат? Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн мамлекет тарабынан жумуш да берилбейт”,- деди өз сөзүндө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан