Алайдагы жолду буугандардын кесепетинен Чоң-Алай районунун тургундары пенсиялары кечеңдеп жаткандарын айтышууда

27-майдан бери Алайдын Сопу-Коргон айылында Ош - Эркеч-Там унаа жолун буугандардын кесепетинен Чоң-Алай районунун тургундары пенсияларын өз убагында ала албай кыйналышууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Ашыров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө пенсия, жөлөк пул жол тосулгандан улам кечеңдеп жатат.

Ал эми “Айыл банктан” билдиришкендей, жолдун жабыктыгына байланыштуу Дароот-Коргон айылына каражаттарды жеткирүү мүмкүн болбой, пенсиялар кечеңдеп жатат. Ошол эле учурда курчоого алынган айылга инкассациянын кириши да кооптуу болгонун маалымдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан