Ош шаарында бир катар объектилерди оңдоп-түзөө боюнча тендер өтөт

Ош шаарында бир катар объектилерди оңдоп-түзөө боюнча тендер өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-июнда №7 «Алымбек датка» аймактык кеңешинде космонавттар скверин оңдоп-түзөө боюнча тендер өткөрүлөт. Ошондой эле 17-июнь күнү №2 «Достук» аймактык кеңешинде №1 «Жибек» балдар бакчасынын 3 жайкы верандасын жана чатырларын жаңылоо, тосмолорду орнотуу, кичинекей эшикчеси менен темир дарбаза орнотуу жана айланасына брусчатка коюу, ошону менен катар №40 «Наристе» балдар бакчасына кичи бассейн куруу, эшигинин алдына брусчатка төшөө, 3 жайкы сере куруу жана чоң дарбазанын жанына кичинекей каалга куруу боюнча тендер өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан