Атайын түзүлгөн комиссия тарабынан Жумгал районундагы мечиттердин абалы, имамдардын иштери текшерилди

Нарында жергиликтүү казыят тарабынан түзүлгөн атайын комиссия 12-14-июнь күндөрү Жумгал районундагы ар бир айылдагы мечиттерди кыдырып, алардын абалы жана имамдардын жасаган иштери менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын түзүлгөн комиссиянын курамына Жумгал районунун башкы имамы, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлү, Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү, райондун аксакалдары жана тандалган активист өкүлдөрү кирди. Комиссия мечиттердин абалына, имамдардын иштерине баа берди. 

Эске салсак, март айында аталган аймакта “Үлгүлүү райондук башкы имам”, “Үлгүлүү имам” жана “Мыкты мечит” кароо-сынактары жарыяланган. Анын жыйынтыгы 28-июнда чыгып, мыктыларына ажылык сапарга бекер жолдомолор ыйгарылмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан