Товарды импорттоо 2014-жылдын биринчи 5 ай аралыгында 97,8 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда басма сөз жыйынында КРнын Экономика министри
Темир Сариев билдирди.
"Бул көрсөткүч былтыр 115 пайызды түзгөн. Быйыл импорттун көлөмүнүн төмөндөшү Бажы биримдигине кирүүдөгү бир катар кыйынчылыктар менен байланыштуу",- дейт Т.Сариев.