Бишкекте өкмөттүк эмес уюмдарды көзөмөлгө алууну демилгелеген акция өтүүдө (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 16-июнда “Калыс” саясий кыймылы өкмөттүк эмес уюмдарды көзөмөлгө алуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууну тездетүү талабы менен акция өтүүдө. Аталган кыймылдын лидери Жеңиш Молдокматов бейөкмөт уюмдарга бөлүнгөн каражаттар негизсиз пайдаланылып жаткандыгын айтып, алардын ишин тез арада текшерүү керектигин белгилеп өттү. Ал бейөкмөт уюмдар бөлүнгөн каражаттарды пайдалуу иштерге сарптабай, керексиз, натыйжасыз пайдаланып жатканын кошумчалап, 2013-2014-жылдар үчүн Эл аралык "Сорос-Кыргызстан" фондуна 250 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөнүн айтты. Акцияга 15ке чукул жаран катышууда.
Бейөкмөт уюмдарды көзөмөлгө алууну демилгелеген акция
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан