КРнын Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына арналып басылып чыгарылчу “Дооронбек Садырбаев” аттуу китепке өкмөттүн резервдик фондунан 100 миң сом бөлүндү. Бул буйрукка үстүбүздөгү жылдын 13-июнунда КРнын Вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган. Дооронбек Садырбаев 80ден ашуун даректүү тасманын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макаласы жарык көргөн. Ошондой эле кыргыз эли башынан өткөргөн Үркүн жана Ош окуялары боюнча тасма тарткан. Дооронбек Садырбаев чыгармачыл адам катары гана эмес, саясатчы катары да таанылган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда дүйнө салган. Каза болгондон кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.