Айыл
чарба жана мелиорация министри
Таалайбек Айдаралиев Жалал-Абад жана Баткен
облусуна иш сапары менен барып келди. Анда
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү оң жана терс жактары тууралуу түшүндүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз
кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр 14-июнда Ош шаарында Ош облусунун
айыл чарба тармагына тиешелүү Суу чарба башкармалыгынын жетекчилери, Райондук
агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилери менен жолукту. Жолугушууда Бажы биримдигине кирүү жана сугат иштери боюнча да
маселе талкууланды.