17-июнда С.Чуйков атындагы мемориалдык музейинде “Постимпрессионизм” көргөзмөсү ачылат
(Постимпрессионизм - искусстводо жана адабиятта 19-кылымдын ортосунда пайда болгон идеалисттик багыт. Бул багыт реализмди четке кагат жана айрым кишинин гана көңүлүн, элесин чындык катарында берүүгө аракет кылат, коомдук суроолордон четтейт жана формага көп көңүл бурат да, мазмунга зыян келтирет).
Аталган музейден билдиргендей, экспозицияда сүрөтчү Поль Сезанн, Ван Гог жана Поль Гогендин 19 репродукциясы (бир нерсенин сүрөтүн фотографияга түшүрүү, сүрөттөрдү көбөйтүү, типографиялык боёк менен кагазга басып чыгарылган сүрөт) коюлат.
Белгилей кетсек, Париждеги Лувр Улуттук көркөм өнөр музейинде 400 оригинал репродукция бар. Белгилүү сүрөтчү Надежда Леже 1967-1968-жылдары Кыргыз ССРине 19-кылымдын аягындагы жана 20-кылымдын биринчи жарымындагы француз живописин тартуу кылган. Алар Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин фондунда сакталуу.