Темир Сариев: "Ош-Эркеч-Там жол каттамынын жабылышы эл аралык карым-катнашка да зыянын тийгизүүдө"

"Ош-Эркеч-Там жол каттамынын жабылышы Кыргызстанга гана эмес, коңшу мамлекеттерге да залакасын тийгизүүдө". Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда басма сөз жыйынында КРнын Экономика министри Темир Сариев билдирди.

“Ош - Эркеч-Там жол каттамынын экономикага гана эмес, эл аралык карым-катнашка да тийгизген зыяны чоң. Бул кырдаал келечекте түзүлүүчү шарттарга да терс таасирин тийгизүүдө. Ал эле эмес, мамлекеттин аброюна да залакасын тийгизди”,- дейт Т.Сариев.

Анын айтымына караганда, учурда жабылган жол каттамынын айынан жүздөгөн унаалар жана оор жүк ташуучу унаалар өтө албай турушат. Айрымдары Казакстан аркылуу келүүгө аргасыз болууда. Бул нерсе алар үчүн кошумча чыгымдарды жаратып жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jigit.85
2014-06-16 15:37:49
Кошумча чыгымдарды келтирип жатат деп отура бербей анан бошотуп жибербейсинерби Келдибековду!Эмне эле Ата Журт партиясына асылып туруп алышты бийликтегилер?!
+1
kgbekish
2014-06-16 15:48:07
мен дагы колдойм Ахматбекти чыгарсында Мелисти кууганына аз келгенсип
0
Asus77
2014-06-16 16:03:26
Ак үйдө отуруп алып, андай болуп жатат мындай зыян болуп жатат дебей,барып эл менен жолугушуу өткөрүшпөйт бекен. Ушинтип жоолукпай жүрө берсе мындан да көп зыян болушу мүмкүн.
0
sambo
2014-06-16 18:59:55
Мага кызык болуп жатат. Окмот да когоруп барбай жатат. Эл дагы когоруп жолду ачпай жатат кимиси турат болду экен,аягына чейин ЭЛБИ же ОКМОТПУ?
0
NURSU1993
2014-06-16 20:26:58
кыргызгаздын сатылышына каршы чыкан Акматбекти камады..газ жок озубекстан газ бербей сууну кыргыздар бууйбуз деп жатышат бул эн чон эл аралык катнашка зыян болот буга бийлик озу кунолуу муну Темир ойлоду бекен....?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан