Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи" ырына клип тарттырды

Бүгүн, 16-июнда кыргыз эстрадасынын кампасы дагы бир жаңы клип менен толукталды. Ал - Гүлжигит Сатыбековдун "Мен сенден кетейинчи" ырынын клиби.
"Шартка байланыштуу клип тартуу иштерине толук катыша албай калдым. Идеясын, актёрлорду тандоо жагын тартуучу топ өз моюнуна алган",- дейт ырчы жаңы клиби тууралуу.
Клипмейкер Жоомарт Абдуразаков клип бир сутка ичинде тартылганын айтат. "Клип Бишкектен тартылды. Башындагы кадрларды гана ботаникалык бак жактан тартканыбыз болбосо, дээрлик бардык сценалар квартиранын ичинен тартылды. 
Каармандар тууралуу айтсам, Анара, Эржан, Тимур аттуу бир курактагы жаштар тартылышты. Таланттуу жаштар экен, тартуу иштери жеңил өттү. Бир гана баланын майыптардын арабасынан кулаган жерин 4 жолу тарттык. 
Гүлжигит Сатыбековдун сунушу менен клиптин аягын атайын табышмактуу бүтүрдүк. Көрүүчү өзү каалагандай жыйынтык чыгарып алса болот",- дейт аталган клиптин режиссёру Жоомарт.
Мен сенден кетейинчи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
meka93
2014-06-16 15:02:01
жакшы го
0
g.jumabekova
2014-06-16 15:22:11
Каарман бала 20-жаз тасмасындагы башкы ролдогу бала го
0
talant_29
2014-06-16 15:45:02
Клиптин аягы менимче бала бутуна туруп басып кетти окшойт себеби кыз терезени карамак да!!! Ошондуктан эркектердин дени сак, алты саны аман болсун да аялдар ушундай бизди тез эле унутуп калат.
+1
papanstan
2014-06-16 15:49:32
Жакшы тартылыптыр ийгилик.
0
fea1990
2014-06-16 16:52:55
Жакшы клип болуптур ушул ыр аявай жагатта.
0
suyom_seni
2014-06-16 17:26:21
Азыр никеде берген убадасына эч ким турбай! Куйоосу же алялы ооруп карай турган болуп калса таштап кете беришет!Жашоодогу ЧЫДЫКЫ корсотуптур! Азаматсыз!
0
aibek90
2014-06-16 21:08:57
ошондо акырында емне болду
0
furkat80
2014-06-16 21:56:10
жакшы клип болуптур. ошондо аягында жигит озун таштады терезеден бир отоло кетти кыздан юкыз анын секиргенин коруп кутулдум деп суйунуп карап калды менимче
+3
maisalbek.kg
2014-06-16 22:02:21
акырында бала каяка жоголгонун Гулжигиттен сураш керек
0
gapar82
2014-06-18 22:21:56
Бул клип экени эстен чыгып калат экен тобаа ,коркунучтуу экен Гулжигит Питерге коп келчуу болду ырлары жакшы окшойт чындан эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан