Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүүчү Бразилиянын Белу-Оризонти шаарында бразилиялык сойкулар жана евангелисттик христиандар уюму өздөрүнө көңүл бурдуруу максатында студенттер менен футбол ойношту. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футбол оюну шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде болуп өткөн. Кызыгы, сойкулар Бразилиянын курама командасынын өңүндөй, сары-жашыл форма кийишкени менен, өз командасын "Жылаңач" деп атап алышкан.
"Укук бардык жарандарга бирдей болушу керек. Биздин сексуалдык кызмат көрсөткөнүбүз гана болбосо, башкалардан эч нерсебиз менен айырмаланбайбыз",- дейт катышуучулардын бири Патриция Бонгес.
Белгилей кетсек, көптөн бери бразилиялык сойкулар өлкөдө тең укуктуулук сакталышын жана мамлекет пенсия чектеп берүүсүн талап кылып келишет.