Бишкекте Эл аралык өпкө-жүрөк форуму өтүүдө

Бишкекте бүгүн, 16-июнда Эл аралык өпкө-жүрөк форуму жана Биринчи эл аралык “PVRI” борбор азиялык тобунун симпозиуму өтүүдө.

Кыргызстанда жүрөк, өпкө оорулары, анын катарында кургак учук жана өпкөнүн гипертензиясы социалдык көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Өзгөчө өпкө гипертензиясынан каза тапкандардын саны арбын. Себеби өлкө аймагында аталган илдетти дарылоочу адистер аз. “Өпкө гипертензия илдетин изилдөөдө эң негизги көйгөйлөрдүн бири - медициналык мекемелерде тиешелүү заманбап медициналык жабдуулардын, клиникалык тажрыйбанын жоктугу. Бул илдет менен жабыркап, андан каза тапкандар көп. Биз бүгүн аталган илдетти изилдеген эл аралык мекемелердин өкүлдөрүн чакырдык. Анын алкагында өпкө гипертензиясын изилдөөчү атайын жумушчу топ уюштурулуп, аны изилдемекчи”,- дейт КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талант Сооронбаев.

Аталган форумдун алкагында эл аралык топ тарабынан аталган илдетти изилдөөчү атайын жумушчу тобу түзүлмөкчү. Ал КРдагы Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу мекемелердин баарында бир катар иш-аракеттерди жүргүзөт.

"Өз учурунда М.Миррахимов агайыбыз аталган илдетти аныктап, бир катар иш-чараларды өткөргөн. Ал жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча ошол учурда тоолуу аймактарда 250 миңге жакын адамдын аталган илдет менен жабыркаганы аныкталган. Учурда мындай оору менен канча адам жабыркаганы белгисиз. Бүгүнкү форумдун алкагында кабыл алынуучу чечимдердин натыйжасында келерки 5 жыл аралыгында бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт. Ошондой эле бул илдеттен каза тапкандардын санын кыскартып, алардын өмүрүн узартууга салым кошо алабыз деп ойлойм”,- деп кошумчалайт Т.Сооронбаев.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан