Жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өпкө гипертензиясынан каза тапкандардын саны жыл санап өсүүдө. Англиядагы Кембриж университетинин өкүлдөрү Кыргызстанга өпкө гипертензиясы боюнча жардам көрсөтүүгө даяр. Бирок ал үчүн Кыргызстанда аны изилдөөчү борбор ачылышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда SUPER.KG порталына Эл аралык өпкө-тамыр ооруларын изилдөө институтунун президенти Шейла Гленис билдирди.
“Биздин эл аралык институттун негизги максаты ар бир өлкөдө өпкө гипертензиясын изилдөөчү борборлорду ачуу болуп саналат. Себеби жылдан-жылга аталган илдеттен каза тапкандардын саны көбөйүүдө. Бул оору менен чоңдор гана эмес, жаңы төрөлгөндөр да ооруйт, ал ошонусу менен коркунучтуу. Менин билишимче, Кыргызстанда аталган илдет менен жабыркагандар көп. Анткени көбү тоолуу аймактарда жашап келишет”,- дейт Ш.Гленис.
Эл аралык өкүлдүн айтымында, аталган ооруну аныктоодо жылыштын болбогону эл аралык кызматташтыктын жоктугу менен байланыштуу. “Өлкө аймагында өпкө гипертензиясы менен жабыркагандардын так саны аталган илдетти изилдөөчү борбордун ачылышы менен гана пайда болот. Анткени аталган борборлор аркылуу эл аралык кызматташуу болот. Ал аркылуу кайсы өлкөдө кандай көрсөткүчтөр жана кандай жардам көрсөтүлүшү керектиги жөнүндө бири-бири менен ой бөлүшөт”,- деп кошумчалайт Ш.Гленис.
Аталган илдеттин өрчүшүнүн себептеринин бири болуп кош бойлуу кезде айымдардын өздөрүнө тиешелүү кам көрбөгөнү, жүрөк ооруларын өз убагында дарылабоо жана ашыкча чылым чегүү саналат.