Жалал-Абад - Казарман жолу 15-июнда убактылуу жабылган. Тазалоо иштеринен кийин аталган жол каттамы кайра ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда ӨКМнын басма сөз
кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо
районунда 15-июнь күнү саат 16:15 чамасында Жалал-Абад - Казарман
унаа жолунун 66-73-85-86-чакырымдарында кар аралаш жааган жамгырдын кесепетинен
шагыл агып түшүп, жолду жаап калган.
Тазалоо иштерине
ЖЭМ-31 ишканасынан 1 грейдер, 1 бульдозер жана 1 жеке менчик жүктөгүч тартылып,
бүгүн саат 15:30да жол каттамы ачылды.