15-июнда Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде айтылуу теледива Ассоль Молдокматова өлкөдөгү шоу чөйрөдө иш алып барган белгилүү жүздөрдүн башын бириктирип, "Модалуу акцент" аталышындагы INSTAPARTY кечесин өткөрдү. Кооздукка, жагымдуу белектерге, сюрприздерге бай болгон иш-чарада Ассолдун автордук эки коллекциясы көрүүчүлөргө тартууланды.
Ассолдун колунан жаралган кайталангыс көйнөктөрдү өлкөнүн көрүнүктүү жана ай чырайлуу кыздары кийип чыгышты. “Живопистүү Кыргызстан” аталышындагы коллекциясындагы көйкөлгөн көйнөктөрдү "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2013-жылдын супер актрисасы” наамын багындырган Аида Тулебаева, ырчылар Юлия Руцкая, Кундуз Канатбек кызы, актриса Элина Абай кызы, балерина Асел Айдарова жана башка таланттуу кыздар кийип чыгышты. Ал эми гүлдөн жасалган экинчи коллекциясын өлкөдөгү сулуулар сынактарын багындырышкан сулуулар, алсак, “Супер сулуу-2009” наамынын ээси Жамиля Ишенбаева, мындан тышкары Айкөл Аликжанова, Гүлнара Жаныбекова, Азиза Устемирова, Жамиля Асангулова, Виктория Ясырова, Мээрим Атантаева өңдүү моделдер тартуу кылышты. Ошондой эле кечеде Ассоль Модокматованын уулу Жан Воинов бий чеберчилигин көрсөттү.
Иш-чара тууралуу Ассоль Молдокматова: “Кыргызстандагы сулуу жана популярдуу кыздарды бир чөйрөгө чогултуп, бакытка бөлөндүм. Алар Кыргызстанда эң кооз делген Сары-Челек, Сулайман тоонун сүрөттөрү түшүрүлгөн, улуу Манастын элеси чагылдырылган өзгөчө коллекцияларымды тартуулашты”,- деди.