Ошто заманбап китепкана курулууда

16-июнда Ош технологиялык университетинде заманбап, эки кабаттуу китепкананын курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Ага окуу жайдын жетекчилиги, декандар жана окуу жайда эмгектенишкен ардагерлер катышышты. Алгач ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов курулуштун долбоору тууралуу кенен маалымат берип: “Бизге мындай заманбап китепкана абдан зарыл. Анткени билимдин булагы китепканадан башталат. Кандай гана учур болбосун, биз билим алган студенттерге жакшы шарттарды түзүп берүүбүз зарыл”,- деди. 

Андан соң каалоо-тилектер жазылган барак капсулага салынып, курулуштун пайдубалына коюлду. Ошондой эле ырым менен кан чыгарылып, куруучуларга жана меймандарга майрамдык дасторкон уюштурулду.

Эскерте кетсек, китепкана 2015-жылдын май айында колдонууга берилип, окуу жайдын китепканасы жаңы имаратка которулмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida2013
2014-06-18 02:09:52
негиз окуу жайдын ушинтип конул бурганы ото жакшы корунуш эми студенттер ошол китепканадан колдонуп жыргап калышат экен да 1ж кийин кудай буйруса!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан