Ош шаардык кеңеши менен Эл аралык «Интербилим» коомдук уюмунун Оштогу филиалынын ортосунда 16-июнда бюджеттик ачыктык жана тактыкты ишке ашыруу жөнүндө бирге иш алып баруу боюнча меморандум түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, меморандумдун максаты Ош шаарынын бюджеттик ачыктыгын жана тактыгын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатууга багытталган аракеттерди чыңдоо, мүмкүнчүлүктөрдү жана потенциалды бириктирүү болуп саналат. Ошондой эле кызматташуунун негизинде долбоор ишмердүүлүгү боюнча биргелешкен иш-чаралардын ишке ашуусуна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү пландалган. Аны менен катар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү бюджетти сарптоо боюнча реформаларды ишке ашырууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү каралган.
Белгилей кетсек, Ош шаардык кеңеши менен «Интербилим» коомдук уюмунун Оштогу филиалынын кызматташтыгы 2007-жылдан бери уланып келет. Бирге иш алып баруунун негизинде жыл сайын шаардык бюджет боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт. Ошондой эле «Интербилимдин» Оштогу филиалынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү бюджеттин сарпталышына жарандык мониторинг жүргүзүлүп келген.