16-июнда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн көйгөйлөрүн чечүү үчүн тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага “Ынтымак жарчылары” тобу, Жалал-Абад шаарындагы 5 аймактык башкаруунун кондоминиумунун төрагалары катышышты.
Анда маалым болгондой, шаар аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн көпчүлүгүнүн чатырларынын жана канализацияларынын эскилиги жеткендиги айтылган.
Ал эми коммуналдык маселелер боюнча вице-мэр Турдалы Темирбаев: "Буюрса, элдин көйгөйүнө айланган көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары жаңыланат",- деди.