Екатеринбургдагы кыргызстандыктар 14-июнда татар жана башкырлардын салттык майрамы болгон Сабантуй саамалыгына катышышты. Иш-чара улуттук кийимдерди кийген коноктор жана катышуучулар менен коштолуп, көрүүчүлөргө майрамдык концерт тартууланды. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз диаспорасын "Кыргызстан-Уран", "Сары-Челек" коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү түзүп, "Евразия сулуусу" сынагында Айгерим Бакытова 1-орунга ээ болду. Көрүүчүлөр кыргыздын улуттук оюндарын көрө алышты. Ал эми мелдешке катышкандар белектерге ээ болушту.
Коноктор татар жана башкырлардын маданияты менен таанышып чыгышты. Сабантуй миң жылдык тарыхы бар жазгы майрам болуп саналат жана жазгы талаа иштери бүткөндө майрамдалат.