Улуу Британиянын канайымы Елизавета II Анжелина Жолиге кавалер айым титулун ыйгарды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, канайым Елизавета II актрисанын гуманитардык ишмердигин, сексуалдык зордук-зомбулукка каршы жүргүзгөн иш-чараларын баалап, бул титулду ыйгарган. Сыйлангандардын арасында актёр Дэниел Дэй-Льюис да бар. Канайым ага Британия империясынын орденин жана рыцар-бакалавр титулун ыйгарды.