Каракол шаарында жайкы сезонго карата кум жээкке баруучу кошумча каттамдар ишке кирди

Каракол шаарында жайкы сезондун ачылышына карата кум жээкке баруучу кошумча каттамдар иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол кум жээгине баруучу Каракол-Пристань-Пржевальск кошумча каттамдары ишке кирди. Көлгө эс алууга барам дегендер Муниципалдык жүргүнчүлөр автобазасынын кичи автоунааларынын кызматынан пайдалана алышат. Бул жагдай жайкы эс алуу мөөнөтүндө шаар тургундарынын жана меймандардын көлгө келип кетүүсүн жеңилдетүү максатында уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан