Ошто мектеп окуучуларын адептүүлүккө үндөөчү “Адеп-ахлак” лагерлери өз ишин улантууда

Ош шаарында мектеп окуучуларын адептүүлүккө үндөөчү “Адеп-ахлак” лагерлери өз ишин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай лагерлер Ош шаарынын борбордук “Сулайман тоо”, “Жапалак”, “Азирети Умар”, “Салман Фарси”, “Калкожо” мечиттеринде уюштурулган. Анда жаш балдарды адептүүлүккө үйрөтүп, куран окууга киришүү боюнча сабактар өтүлүүдө. "Жеткинчектердин эс алуу мезгилинде сабак алып, адептүүлүккө багыт алуусу келечек муундун ыймандуу, адептүү, жаман жолго баспаган жакшы адамдар болуп жетилишине алгачкы кадамдар болуп саналат" деп жазылат маалыматта. 

Аталган иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругунун негизинде ишке ашырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан