Бүгүн, 17-июнда Бишкекте Кыргызстанда чогултулган тракторлордун бет ачары болуп өттү. Тракторлорду чогултуучу и
шкананын
башчысы Улан Адамалиевдин айтымында,
тракторлордун тетиктери Кытайдан алынып келип, Кыргызстанда чогултулат. “Учурда 5 трактор даяр. Тракторлорду көбөйтүп, айына 100гө жеткирүүнү пландап
жатабыз. Мындан тышкары техниканы насыяга сатууга ниеттенүүдөбүз. Бүгүнкү күнү
жергиликтүү ишканалар жана банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”,-
деди ал.
Иш-чаранын жүрүшүндө тракторлор жана талаа иштерине керектүү буюмдар көрсөтүлдү. Мындан тышкары уюштуруучулар тракторду айдатып да көрсөтүштү.