Өзбекстанда 13-15-июнда өткөн “Чимган жаңырыгы” фестивалында кыргызстандык аткаруучулар өзүлөрүн ийгиликтүү көрсөтүштү.
“Бул фестивалда Кыргызстандан Авлентина Баталова, Виталий Матков, Вячеслав Аксенов өзүлөрүн дасыккан чебер катары көрсөтүп, баалуу сыйлыктар менен кайтышты. Ал эми белгилүү автор, аткаруучу жана ар түрдүү музыка аспабында кол ойноткон Авлентина Баталова Орусия кызматташтыгы өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасына арзыды”,- дейт фестиваль тууралуу актриса Алина Кетова.