Москвадагы “Кыргызстан” павильонунда 15-июнда кыргыз диаспорасындагы акындардын чыгармачыл кечеси өткөрүлдү. Аталган жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, кечеде КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кален Сыдыкова менен жолугушуу орун алды.
Иш-чарада тарыхый чыгармалардын катарын толуктаган “Атилла баатыр”, “Ата Журт ардагым” жана Кален Сыдыкованын аңгемелер жыйнагынын бет ачары болгон. Кечеде Кален Сыдыкова жогоруда айтылган китептердин үстүндө иштөө процесси тууралуу жана заманбап кыргыз адабиятына патриоттук духтун керектигин айтып өткөн. Ошондой эле ал кыргыз диаспорасынын чыгармачылыгынын активдүүлүгүн баса белгилеп, кыргыз маданиятын чет өлкөдө да бекемдөөгө чакырган.
Кален Сыдыкова КРнын Мамлекеттик китептер палатасынын атынан кыргыз адабиятына кошкон зор салымы үчүн Бактыгүл Сейитбековага, Өктөм Мамаевага, Нурсулуу Гугурбаевага, Нуриза Өмүрбаевага, Мелис Мамажановго жана Айталы Жандаровго грамоталарды тапшырган.