Бишкек шаарында 5-июндан 2-июлга чейин 39 мектепте эс алуу лагерлери уюштурулат жана алардын ичинен 33 лагерде тамак берүү базасы түзүлөт. Анда 2530 окуучу эс ала алат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Эс алуу лагерлери саат 8:00дөн 14:00гө чейин окуучулар менен иш алып барышат жана эки маал тамак берилет” деп айтылат маалыматта. Буга чейин 13-июнда мектептердеги жайкы лагерлердин иштөөсү боюнча вице-мэр Айгүл Рыскулова бир катар текшерүүлөрдү жүргүздү.