Бишкекте Кыргызстандын Композиторлор союзунун 75 жылдыгына карата иш-чара өтөт

19-июнда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандын Композиторлор союзунун 75 жылдык мааракеси белгиленет. Анын алкагында келген конокторго "Жаңы ысымдар" аталышында концерт тартууланат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда филармониядан кабарлашты.

Маалым болгондой, концертте А.Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестри кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан аткарат. Мындан сырткары келген көрүүчүлөр М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын 1-3-курстарынын студенттеринин өнөрүнө күбө боло алышат. 

Концертке кирүү акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан