Нарын шаарында курула турган Ислам окуу жайынын пайдубалын түптөө иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын вице-мэри Алмаз Суранов, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев катышты.
Окуу жайдын имараты Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын демөөрчүлүгү менен курулат. Курула турган имараттын узундугу 35 метр, туурасы 15 метр болуп, бир кабат жана жер төлөсү менен болот. Имарат 70 окуучуга ылайыкталып, 1-кабатта окуу бөлмөлөрү, жыйындар залы, мүдүр бөлмөсү, окутуучулар бөлмөсү жайгашат. Ал эми жер төлөсүндө жатакана, ашкана, китепкана жана даараткана орун алат. Аталган жаңы окуу имаратынын курулуш иштери 5 ай ичинде бүткөрүлүп, дин кызматы үчүн колдонууга берилмекчи.