Кыргызстандык фотографтар Орусияда 9-июндан 1-октябрга чейин өтүүчү “Чет өлкөлүк адамдын көз карашы” аттуу эл аралык фотосынакка катыша алышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда КРнын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сынакты Орусиядагы Б.Ельцин атындагы президенттик китепкана жарыялаган. Уюштуруучулар бул жылы сынактын темасын “Элдик дипломатиянын күчү” деп аташты. Анын башкы максаты – Орусиянын жана дүйнө өлкөлөрүнүн динин, искусствосун, илимин, күнүмдүк жашоосун жана айлана-чөйрөсүн көрсөтүү.
Фотосынакка жаш өзгөчөлүгүнө карабастан, профессионал фотографтар жана ага кызыккандар чакырылат. Катышуучулардан 2ден 5ке чейин сүрөттөр кабыл алынат. Сынакта чет өлкөлүктөр Орусияда тарткан жана орусиялыктар чет өлкөдө тарткан фотолор бириктирилет.
Эмгектер 8 номинация боюнча бааланат:
- “Элдик дипломатиянын күчү”
- “Бразилия: алыс жана жакын” – дүйнөлүк футбол чемпиондугуна арналган жана ар кайсы өлкөлөрдүн колдоочуларын бириктирген сүрөттөр
- “Адам жана санариптик доор” – адамдын жашоосундагы санариптик технологиянын ролу
- “Өзүнө тарткан, билүүгө мүмкүн болбогон нерсе” – саякат жана окуяны бириктирген сүрөттөр
- “Жаратылыш үнүн угуу менен” – ар кайсы өлкөдөгү жаратылыштын кооздугун ачкан сүрөттөр
- “Жанданган кинокадрлар” – тасма тартуу талаасынан тартылган сүрөттөр
- “Мастер-класс” – профессионал фотографтар үчүн номинация
- “Элдик добуш берүү”
Сынакка жөнөтүлгөн мыкты эмгектер бир альбомго бириктирилип, президенттик фондго тапшырылат.