Караколдун мэриясы шаардагы мектептердин 20 мугалимин
жайкы эс алууга жиберүү үчүн 100 миң сом каражат бөлдү. Бул тууралуу бүгүн,
17-июнда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы да мэрия тарабынан мындай
иш-чаралар уюштурулган. Быйылкы жылы да 20 мугалимдин эс алуусуна шаардык
бюджеттин казынасынан 100 миң сом бөлүнгөнү маалым.