Алайдагы митингчилердин атынан аксакалдар Бишкекке өкмөт башчы менен жолугушууга барышат

17-июнда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев менен ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Алай районунда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда жол тоскондордун башында турган Керимбек Сарбашев билдирди.
Анын айтымында, Абдырахман Маматалиев Алайга келишинин максаты алардын абалы менен жеринде таанышуу экенин айтып, митингчилердин талабын орундатуу анын компетенциясына кирбей турганын белгилеп, бирок алардын койгон талаптарын премьер-министрге жеткире турганын билдирген.
Ошондой эле Маматалиев алардын өкүлдөрү менен премьер-министрдин жолугушуусун уюштуруп берүүгө убада бергендигин кошумчалады.
«Аксакалдар бүгүн Бишкек шаарына барышат»,- деди Сарбашев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krasnyi.kg
2014-06-18 09:52:41
фотосу жокпу
0
zhanarbek80
2014-06-18 11:10:22
сен келбесен озум барам болуптур да АША емнени карап журот сырттан караган адамга туштук тарапка еч кандай конул буруу деген жоктой же газды, же баткен чек арасы, же жол тоскондор жонундо бир чара корбойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан