Ошто жалпы республикалык тестирлөөгө катыша албай калган окуучулар үчүн кошумча каттоо жүрүп жатат

Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча жалпы республикалык тестирлөөдөн кечигип жана мурда катталып, бирок сынакка жүйөлүү себептер менен кирбей калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо Ош шаардык билим берүү башкармалыгында жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖРТга кайрадан каттоо 23-июнга чейин жүргүзүлүп, сынак 25-июнь күнү Ош шаарындагы №4-Киров атындагы мектептин базасында өткөрүлөт.

Кечиккен каттоонун өзгөчөлүгү - ЖРТны өзбек тилинде тапшырууну каалагандарга атайын арызынын негизинде тапшырууга уруксат берилгенинде. Эгер абитуриент 2014-жылдагы ЖРТга кирген болсо, кайрадан тапшырууга уруксат берилбейт. Бирок кошумча предметтерди тапшырууга укугу бар. Жогорку окуу жайларда окуп жаткан студенттерге ЖРТга кирүүгө уруксат берилбейт, аларга сертификат келбейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан