Бүгүн, 18-июнда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында «Сары-Өзөн чолпондору» фестиваль-сынагынын гала-концерти өтөт. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Марат Адамкулов билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган фестиваль-сынак март айынан тарта Чүй облусундагы айыл аймактарында өткөрүлүп келген. "Бул иш-чаранын максаты - эл арасындагы таланттарды чыгаруу жана аларга улуттук маданий мурастарды таанытуу. Жалпысынан аталган фестиваль-сынакка 4-18 жашка чейинки 12 миңден ашык бала катышты. Мына ошолордун арасынан 35 номинант тандалып алынды. Бүгүн гала-концертте көрүүчүлөр алардын өнөрүнө күбө боло алышат",- дейт Марат Адамкулов.