Канат Садыков: “Гуманитардык тармакта окугандардын 28 пайызы гана кесиби боюнча жумушка орношот”

Бүгүн, 18-июнда Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынынын алкагында Канат Садыков ЖОЖдордо гуманитардык тармакта окугандардын 28 пайызы гана кесиби боюнча жумушка орношорун билдирди.

Андан тышкары ал жакынкы 5 жыл аралыгында эң көп суроо-талап туудура турган адистиктерди атап өттү. Анын айтымында, аталган убакыт аралыгында техникалык адистикке, IT адистигине, сервис жана туризм, медицина тармагындагы адистиктерге, окутуучу адистигине, котормочуларга жана айыл чарба адистигине суроо-талап жогору болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан