Баткен. Кызыл-Кыядагы цемент заводунун иши токтоп калуу алдында турат

Ош - Эркеч-Там жолун ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековдун тарапташтары бууп жаткандыгына байланыштуу Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы цемент заводунун иши токтоп калуу алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда аталган цемент заводунун долбоорлор боюнча менеджери Кубанычбек Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, цемент заводунун ишин кармап турууга болгону эки жумага жете турган көмүрдүн запасы бар. Ал эми ишкана жетекчилиги бул жагдай туурасында өкмөткө жана Антимонополия агенттигине билдирүү жөнөттү. Завод өндүрүш процессин үзгүлтүккө учуратпай кармап туруу үчүн ай сайын 9 миң тонна көмүр жагылат. От казандары 1000 градустан өтүп ысыйт. Эгерде цемент чыгаруу процесси үзгүлтүккө учураса, аны кайра ишке салуу үчүн 10 миллион сомго чукул каражат керектелерин кошумчалады.

Бул бир гана от казандарын тийиштүү деңгээлде ысытуу үчүн кете турган чыгым. Ал эми заводдун андан башка жабдыктары да жабыркашы мүмкүн. Кызыл-Кыядагы цемент заводу быйылкы жылдын планы боюнча 750 миң тонна цемент чыгаруусу керек. Өндүрүлгөн цемент Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарын жана коңшу Тажикстандын айрым аймактарын камсыздайт. Жол тоскондор болбосо, күнүнө 400 тоннага чейин көмүр алынып келип турчу”,- дейт ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aikoo2014
2014-06-18 14:36:22
Ошон учун цемент баасы которулуп кеткен турбайбы. Эми качан жолду ачар экендер алар,биз цемент алышыбыз керек. Даже 3 эсе кымбаттап кеткенин айтышатго.
0
acer11
2014-06-18 14:59:17
Aikoo2014, Цемент заводуна Алайдын эч кандай тиешеси жок бул жон эле провакация. Эмне кызыл-кыяга Алайдан комур ташып жатышты беле, Сулукту же Баткен обл. комур чыкпайт жокбу, комур кен болуш керек. Цементин баасы апрелдин аягында которулгон себеби май майрамына 10 кун эс алуу убагында. Бул жерде АЛАЙдын тиешеси жок.
0
nurando
2014-06-18 14:46:42
Энди ушул керек еле Алайлыктар
0
admin_portal
2014-06-18 17:46:33
nurando, volk.kg - эскертүү!
Жеке айтышууларга жол берилбейт.
0
baktiyar73
2014-06-18 15:37:08
acer11, Корбой туруп комментарий бербе сенден сураныч. Комур чындап эле Алайдан келет. Кайсы фирма алып келет жана да экспедитору ким экенин да билем, себеби мен ушул заводдо иштеймин. Май айындагы кымбаттоо майрамга эч кандай тиешеси жок.
-1
future_kg
2014-06-18 21:46:49
baktiyar73, аябай кызык болдуго, комур каяктан келет болду экен?
0
islamidin
2014-06-18 23:25:58
бул жон гана политика баткенде деле комур бар даже алайдын комурунун баткендики сапаты жакшы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан