Жалал-Абадда аялдын өлүмүнө күнөөлүү болгон дарыгерлер жоопко тартылышты. Жаш аялдын өлүмүнө квалификациясы жок медициналык жардам себепкер болгон. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда КРнын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, Акыйкатчы институтуна жубайлар И.Ирмешовдон жана Ж.Доронбаевадан арыз түшкөн. “Жубайлар каза тапкан кызынын өлүмүн объективдүү иликтеп берүүнү суранышкан. Кыз 2014-жылдын январь айында акыркы жолу жеке клиникага ден соолугунун начарлашына байланыштуу кайрылган. Аталган жайдын кызматкери алгачкы дарылоодон өткөргөн. Бирок оорулуунун ден соолугу жакшы болбой, ичи ооруп облустук ооруканага кайрылган. Бул жакта да туура диагноз коюлбай жана квалификациялуу дарылоо жүргүзүлбөй, жыйынтыгында жаш аял каза тапкан” деп айтылат маалыматта.
Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигине ведомстволук мекемелердин арасында иликтөө жүргүзүү арызын жөнөткөн. “Жеке клиниканын дарыгери дифференциялык диагноз жүргүзгөн эмес, ошондой эле негизсиз гистологиялык иликтөө жана гормоналдык терапия дайындаган. Ал эми облустук оорукананын дарыгерлерине квалификациясыз деген мүнөздөмө берилген. Туура эмес диагностика трагедияга алып келген” деп белгилейт басма сөз кызматы.
“Жыйынтыгында дарыгер Д.Ташиев кызмат ордунан бошотулган. Ал эми М.Тойчиев, М.Тулушев, М.Лим, А.Сайпидинов жана А.Мамадалиевге эскертүү берилген. Мындан тышкары гинеколог М.Султановага, УЗИ адиси Ш.Ахмедиевага жана реаниматолог М.Тойчиевге административдик чара көрүү боюнча облустук оорукананын башчысы М.Султановго тапшырма берилди” ,- деп белгилешет омбудсмен аппаратынан.