Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 90 жылдык мааракесине карата массалык маалымат каражаттарынын арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу КРнын Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, сынак өзүнчө басылмалар, телерадиокомпаниялар, маалымат агенттиктери арасында жүргүзүлөт. Ошондой эле сынакка көз карандысыз журналисттер жана китептердин авторлору катыша алат. Сынактын шартына ылайык, жарыкка чыккан материалдар электрондук же басылган вариантта 15-октябрга чейин министрликке жөнөтүлүшү керек.
Жеңүүчүлөргө төмөнкү сыйлыктар ыйгарылат:
1. Китептердин авторлоруна:
1-орун. 50 миң сом
2-орун. 30 миң сом
3-орун. 10 миң сом
2. Басылмаларга:
1-орун. 30 миң сом
2-орун. 20 миң сом
3-орун. 10 миң сом
3. Телерадиокомпанияларга:
1-орун. 30 миң сом
2-орун. 20 миң сом
3-орун. 10 миң сом
4. Маалымат агенттигине:
1-орун. 30 миң сом
2-орун. 20 миң сом
3-орун. 10 миң сом
5. Көз карандысыз журналисттердин жарыяланган материалдары боюнча:
1-орун. 30 миң сом
2-орун. 20 миң сом
3-орун. 10 миң сом
6. Ырлар сынагы:
1-орун. 30 миң сом (музыканын авторлоруна 20 миң, ырдын авторуна 10 миң)
2-орун. 20 миң сом (15 миң жана 5 миң)
3-орун. 10 миң сом (7 миң жана 3 миң)
7. Сүрөтчүлөр арасында сынак:
1-орун. 30 миң сом
2-орун. 20 миң сом
3-орун. 10 миң сом
Сынакта мындан тышкары 5 миң сомго кызыктыруучу сыйлыктар коюлат. Бул каражаттын баары аталган мекеменин бюджетинен бөлүнүүдө.
Белгилей кетсек, бардык материалдар Ички иштер министрлигинин 90 жылдык мааракесине арналган болушу керек. “Кесиптик майрамыбызга карата көптөгөн иш-чаралар пландалып, ага даярдык көрүүдөбүз. Даярдык иштери 8 миң ардагердин катышуусунда өткөрүлүп, алар чыдамсыздык менен бул майрамды күтүп жатышат”,- деп билдирди министрдин орун басары Бактыбек Жусубалиев.